Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жусупбек Коргонбай уулу дубалы урап түшкөн көп кабаттуу үйгө тиешеси жок экенин билдирди

28.03.2022 13:11
457
Жусупбек Коргонбай уулу дубалы урап түшкөн көп кабаттуу үйгө тиешеси жок экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы ураган имаратты куруп жаткан компанияга тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Ал "KG Восток Сервистин” негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан тартып аны өткөрүп бергенин билдирди.


"Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, биринчиден, жабыр тарткан адамдарга баардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз",-деп жазды депутат.


Жекшембиге караган түнү Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн