Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жүздөгөн жапондор Синдзо Абэнин жаркын элесин эскерүү үчүн кол салуу болгон жерге келишүүдө (видео)

09.07.2022 10:43
709
Жүздөгөн жапондор Синдзо Абэнин жаркын элесин эскерүү үчүн кол салуу болгон жерге келишүүдө (видео)


Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге кол салуу болгон жерге жүздөгөн адамдар гүл коюп, анын жаркын элесин эскерүү үчүн чексиз агым менен жүрүш жасап жатышат, деп билдирет РИА Новости агенттигинин кабарчысы Нара шаарындагы Ямато-Сайдайжи темир жол станциясынын алдындагы аянттан.


Аптаптуу ысыкка карабай, 10 мүнөткө жетпеген убакытта атайын орнотулган тенттин астындагы үстөлдүн үстүндө ушунчалык көп гүлдөр толуп, коммуналдык ишкананын кызматкерлери аларды эки жолу картон коробкага салып, кезекке тургандар келиши үчүн чет жакка алып кетүүгө аргасыз болушкан.


Адамдар бирден, экиден, бүтүндөй үй-бүлөлөр менен келишүүдө. Кыска мөөнөттө гүл коюуну каалагандардын кезеги станциянын өзүнө чейин бир нече ондогон метрге созулду.


"Жапонияда мындай болушу мүмкүн дегенге ишенүү кыйын! Абэ мырза ушунчалык токтоо саясатчы болчу, Япония ушунчалык өзгөрдү", - деп Нарага атайын гүл коюу үчүн келген 86 жаштагы Киото шаарынын тургуну трагедия тууралуу билдирди.


Белгилей кетсек, Синдзо Абэ жума күнү, 8-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30 Япониянын Нара шаарында көчөдө сүйлөп жаткан учурунда кол салууга дуушар болгон. Кол салган 41 жаштагы Тецуя Ямагами саясатчынын артынан 10 метрдей аралыктан эки жолу ок чыгарган. Экинчи октон кийин Абэ жыгылган. Алган жаратынан көп кан жоготкону айтылууда.


Анын өлүмү жергиликтүү убакыт боюнча 17.03тө катталган. Дарыгерлер саясатчынын өлүмүнүн ыктымал себебин кан жоготуу деп белгилешкен. Саясатчы 67 жашта болчу.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн