Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Замирбек Базарбеков: Журналисттерге жана бийликти сындаган жарандарга карата сот жараяндары токтотулушу керек

02.02.2022 17:15
775
Замирбек Базарбеков: Журналисттерге жана бийликти сындаган жарандарга карата сот жараяндары токтотулушу керек

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлигин карап жатат. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын реформалоого байланыштуу ой-пикири менен бөлүштү.


"Адегенде мыйзамдардын үстөмдүгүн орнотуу керек. Бизде мыйзамдардын үстөмдүгү орнобосо соттук-укуктук адилетсиздикти жоюу тууралуу сөз кылуу дагы кыйын болуп калат.


Экинчиси, саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керек.


Үчүнчүдөн, сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого аракет кылышыбыз керек. Андан кийин, соттордун эмгек акыларын, техникаларын жогорулатуу менен биргеликте жоопкерчилигин дагы көтөрүү керек"-деди Базарбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн