Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Замирбек Эсенаманов Жогорку Кеңештин депутаты болду

09.06.2020 17:49
859
Замирбек Эсенаманов Жогорку Кеңештин депутаты болду

Эсенаманов Замирбек Садыбакасович Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп келди. Бул тууралуу 9-июнда БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Ал Руслан Чойбековдун ордуна келди. 


Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаты Чойбеков Руслан Нуркалиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону маалымдалган. 


Токтом Руслан Чойбековдун арызынын негизинде кабыл алынды. 


67 жаштагы Замирбек Эсенаманов 2005-2007-жылдары Жогорку Кенештин депутаты болуп иштеген.  Андан кийин Жайыл районунун акими болуп дайындалган. 2010-2011-жылдары Жаратылыш ресурстары министри кызматын аркалаган. 2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы аны тоо кен өндүрүш компаниясына мыйзамсыз лицензия берген деп айыптаган. Биринчи май райондук соту кийин аны актаган. 






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн