Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:16
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Зайнидин Курманов: Жаш муундардын тарыхый орун алмашуусу жүрүп жатат

22.08.2020 12:23
1011
Зайнидин Курманов: Жаш муундардын тарыхый орун алмашуусу жүрүп жатат


Кыргызстанда съезддер өтүп, партиялар өз курамын, идеяларын жана идеологиясын ачып беришти. Мурунку спикер, тарыхчы жана саясат таануучу Зайнидин Курманов парламенттик шайлоого катталган Кыргызстандагы саясий партиялардын багыты боюнча ой бөлүштү.

 

Анын айтымында, биздин саясий партиялардын жетишсиздиги, алардын бир багыт менен кетпей , бардык электоратты камтып алуу аракетинде. Буга мисал катары Курманов мигранттардын «Замандаш» партиясын келтирди.

 

"Алар өз электораттарынын кызыкчылыктарын эске алып, мыйзам актыларынын топтомун, мигранттардын абалын жакшыртууга багытталган иш жүзүндөгү кадамдарды сунушташы керек", - деди ал.

 

Эксперттин айтымында, «Мекеним Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары патриоттук партиялар болгондуктан, биригиши керек. "Өзүн алып кете турган идеологиялык багыттар болушу керек. Партиянын бренди болушу керек. Эгер алардын бардыгы патриоттук нукта болсо, анда эмне үчүн алар биригишпейт, эмне үчүн бөлүнүп чыгышат? Азыры, өнүккөн өлкөлөрдө мындай тажрыйба бар. Алар көбүрөөк электоратка ээ болуу үчүн биригишет", - деп белгилейт Курманов.

 

Серепчи, бул партиялардын иш-аракеттеринин программаларын баалоонун критерийлери, аныктоочу белгилери жок, анткени алар идеологиянын чегинен чыгып жатышат, ошондуктан алардын эмне кыла тургандыгын болжолдоо кыйын дейт.

 

"Биримдик партиясы - жаңы партиялардын бири. Азыр жаш муундардын тарыхый орун алмашуусу жүрүп жатат. 40-50 жаштагы адамдар саясий аренага чыгып жатышат", - дейт ал.


Жаштарга ишененим, үмүт артыра аласызбы деген суроого, Зайнидин Курманов мындай деп жооп берди: “Көптөгөн өлкөлөрдө жаңы муун инновацияларды, жаңы идеяларды алып келет, ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө баары тездик менен өзгөрүп жатат. Бирок муундардын алмашуусунун бир өзгөчөлүгү бар, демократиялык өлкөлөрдө жаштар жаңы пландар менен даяр болуп куралданып келишет.  Менин оюмча, ар бир партияда мыкты лидерлер, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошо  турган мыкты улан-кыздар бар. Бирок парламент коллегиалдуу орган. Ал жерде бир адам эч нерсе чече албайт".

 

Анын айтымында, жаштар эми парламентте жолугушат. 


"Алар чогулуп  бири-бирине көнүш керек. Бир-эки айдан кийин кимдин ким экендигин түшүнүшөт. Буга чейин депутаттар мамлекеттик көйгөйлөрдү жылдырып коюп, расмий эмес “шеринелерин” уюштуруп, кечкисин өз кызыкчылыктары менен жолугушууларына барып жүргөн. Менин оюмча, жаштар кандайдыр бир формалдуу эмес уюмдарын түзүшү керек деп ойлойм. Анткени алар чынында эле өзгөрүүлөрдү каалап турушат деп ишенем. Жаңы мыйзам долбоорлорун демилгелеп, колдоого алышат. А балким, принцип боюнча болсо дагы, жаңы күчкө айлануу үчүн бир нерсе жаратышат”, - деп жыйынтыктады Курманов.


Булак: kaktus.media



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн