Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:50
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Зулушев: Башкы прокурор менен ИИМдин биринчи орун басары токтогон мейманкананын алдында милиция кызматкерлери бир саат мушташты

10.09.2022 08:50
390
Зулушев: Башкы прокурор менен ИИМдин биринчи орун басары токтогон мейманкананын алдында милиция кызматкерлери бир саат мушташты

 Ош шаарында милиция кызматкерлери Башкы прокурор Курманкул Зулушев токтогон мейманкананын алдында бир саат мушташкан. Бул тууралуу ал Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолукканда билдирди.



Белгилей кетсек, Зулушев президенттин тапшырмасы боюнча бийлик өкүлдөрү менен Ош жана Баткен облустарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө.


"Милиция көчө балдары менен аралашып калыпсыздар. Мейманканага Башкы прокурор келди, ИИМдин орун басары келди. Милиционерлер бир саат мушташты. Бир карыш турган ИИБден ыкчам топ келбейт. Акырында келип, аларды (милиционерлерди) кошо коё берип, артынан кетип калды. Камерадан бүт көрүп чыктым. Катуу жаза колдонуңуздар. Элдин ыйлаганы чын экен. Азыр чакырсак эч ким келбейт дешти. Жөнөкөй кызматкерге чейин караңыздар", — деди Зулушев.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн