Прокуратура каралоочу эмес, элдин укугун коргоочу орган болушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында, мындан ары прокурорлор элдин укугун коргойт.
"Бүгүнкү күндө прокуратура адамдардын аң-сезиминде каралоочу орган катары калыптанып калган. Мындан ары прокуратура кароолчу эмес, адам укугун коргоочу орган болушу керек. Ошондуктан азыркы кодекстерди колдоп берсеңиздер тергөөчү болобу, прокурор болобу эч кимди каралай албайт",- деди Зулушев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн