Теке 27, 2024
Убакыт: 12:38
USD
EUR
RUB

Кыргыз футбол биримдиги "Токтогул" футбол клубуна кичи автобус берди

10.06.2024 11:21
1460
Кыргыз футбол биримдиги "Токтогул" футбол клубуна кичи автобус берди


Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков "Токтогул" футбол клубуна кичи автобустун ачкычын тапшырды. Бул тууралуу биримдиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Токтогул шаарында клубдун өкүлдөрү менен жолугуп, анда алар кичиавтобус бөлүп берүү өтүнүчүн айтышкан.

Камчыбек Ташиев бул өтүнүчтү жеке көзөмөлүнө алып, кыска мөөнөттө клубга транспорт берүү тапшырмасын берди.

Автобусту тапшыруу аземи Кыргызстандын Улуттук лигасынын 6 - турунун алкагындагы "Токтогул" - "Базар-Коргон" клубдарынын беттешинин алдында өттү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун "Токтогул" футбол клубу КР Улуттук лигасынын командаларынын арасындагы чемпионаттын катышуучусу жана "Б" зонасындагы лидерлердин бири болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн