Кулжа 29, 2024
Убакыт: 08:01
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Өкмөт 6 988,7 тонна ун таратты

24.04.2020 16:46
1036
Өкмөт 6 988,7 тонна ун таратты


Өкмөт калктын аялуу катмарына 6 988,7 тонна ун таратты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облусуна 1705,05 тонна ун бөлсө, анын 231,7 тоннасы эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес болуп турган Кара-Суу районуна, 476,85 тоннасы Ноокат районундагы калктын аялуу катмарына таратылган. Ал эми Жалал-Абад облусуна 2053,3 тонна бөлүнгөн. Анын 621,25 тонна уну өзгөчө абал кирген Сузак районуна жеткирилген.


Ал эми Баткен облусуна 775,5 тонна, Нарынга - 281,1, анын 70,4 тоннасы өзгөчө абал тартиби кирген Ат-Башы районундагы муктаждарга берилген. Чүйгө – 711,25, Ысык-Көлгө – 267,6, Таласка – 294,9 тонна ун бөлүнгөн.

 

Ошондой эле, Бишкек шаарына 670 тонна, Ош шаарына 230 тонна ун жеткирилген. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн