Өкмөт Жетим-Тоо маселеси боюнча жооп берди. 8-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Максат Мамытканов кенди эч ким сатпаганын, бул боюнча жөн гана каралоо жүрүп жатканын айтты.
“Жетим-Тоо боюнча каралоолор бизге катуу тийди. Ал кыргыз элинин байлыгы. Аны кантип жаңы ишкананы куруп, жаңы жумушчу орундарды түзүп, пайдаланалы деген ойлор бар. Буга чейинки каталарды кайталабаш үчүн такыр башка саясат жүрүгүзөлү деп пландарды түзүп жатабыз. Биз эч качан саткын болгон эмеспиз. Биз эч нерсени саткан жокпуз, сатабыз деген оюбуз да жок. Элдин мүлкүн сатпайбыз деп убада бергенбиз. Жасап жаткан ишибиздин баары калктын кызыкчылыгы үчүн. Жетим-Тоону өзүбүз иштетебиз. Ал үчүн кыргыз компаниясын түзөбүз”, - дейт
Пикирлер (1)