Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды

18.03.2021 12:13
1002
Өкмөт кумшекер  жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды

Өкмөт кумшекер  жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди.


Анын айтымында, бийлик өлкөдө эң керектүү өнүмдөрдүн тартыштыгын алдын алуу жана алардын бааларын төмөндөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.


«Премьер-министр өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салган буйрукка кол койду. Бул ички рынокко жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна оң таасирин тийгизет деп ойлойм. Бүгүнкү күндө республикада ун, шекер, өсүмдүк майынын тартыштыгы жок», - деди Аскарбек Жаныбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн