Каза болгон жарандардын сөөгүн коюунун жана мүрзө курулуштарын орнотуунун тартиби жөнүндө нускама бекитилди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ “Сөөк коюу жана сөөктү жерге берүү иши жөнүндө” КР мыйзамын, “Сөөк коюу жана сөөктү жерге берүү иши жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” КР президентинин жарлыгын ишке ашыруу жана каза болгон жарандардын сөөгүн коюу, мүрзө курулуштарын орнотуу маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, КР жергиликтүү мамлекеттик администрациясы, КР өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн милдеттерине жана функцияларына ылайык токтомдун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн