Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өкмөт менен бизнес ортосундагы диалогду активдештирүү керек, - Койчуманов

11.05.2020 15:36
1152
Өкмөт менен бизнес ортосундагы диалогду активдештирүү керек, - Койчуманов


Өкмөт менен бизнестин ортосундагы диалогду активдештирүү керек. Бул тууралуу Өкмөттүн астындагы бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов бүгүн, 11-майда президентСооронбай Жээнбеков менен бизнес коомчулугунун жолугушуусунда билдирди.

Ал постпандемиялык пландарга, ишкерликтин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө көңүл бурду.

Ал эми өлкөнүн бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит кырдаалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгына токтолуп, учурдагы окуялар жөнүндө калкты кабардар кылуунун жана оорунун экинчи толкунун алдын алуу үчүн жарандардын санитардык жана карантиндик эрежелерди сактоосунун маанисин белгиледи.

Ошондой эле ал пандемия сабактарын эске алып, кыска жана узак мөөнөттүү чараларды кабыл алууга жана бизнес үчүн салыктык жеңилдиктерди берүүгө көңүл бурду.

Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов акыркы эки жылда өлкөнү санариптештирүү боюнча күч-аракеттер коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жумшартууга өбөлгө болгонун белгиледи. Санарип технологиялар өлкөдө илдеттин жайылуу шарттарында экономикалык жана билим берүү тармактарындагы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бергенин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес секторун активдүү тартууну сунуш кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн