Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өкмөт сайты ката жазат деген маалыматты четке какты

01.05.2020 15:12
1156
Өкмөт сайты ката жазат деген маалыматты четке какты


Тексттердеги грамматикалык жана стилистикалык каталар – бул телефондук жабдуудагы же компьютердеги автоматтык котормонун кемчилдиги болуп саналат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы социалдык тармактарда чыккан маалыматтарды төгүндөп жатып билдирди.


Буга чейин өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тексттеринде ката кеткендиги тууралуу социалдык тармактарда маалымат чыккан.


Басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, мындай катачылыктар электрондук жабдууларында башка тилге которуу функциясы күйгүзүлгөн колдонуучуларда кездешүүсү мүмкүн. Мындай «каталарга» жол бербөө максатында электрондук жабдууларда башка тилге которуу функциясын (Google Translate) өчүрүп коюу сунушталат. 


Муну менен бирге социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын КР өкмөтү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда коңшу өлкөлөрдүн ченемдик укуктук актыларын колдонору тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын министрликтеринде жана ведомстволорунда юриспруденция жаатында жогорку квалификациялуу адистер иштешет, ал эми Өкмөттүн Аппаратына киргизилген бардык ченемдик укуктук актылар бир катар, анын ичинде укуктук жана лингвистикалык экспертизадан өткөрүлөт. Ошентип, социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары ырастагандай, ушул сыяктуу, айрыкча одоно каталары менен ченемдик укуктук актылардын чыгарылышы мүмкүн эмес”, деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн