Теке 02, 2024
Убакыт: 01:58
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Өкмөттө Баткен облусун өнүктүрүү жана чек ара маселелери талкууланды

20.08.2020 10:50
1119
Өкмөттө Баткен облусун өнүктүрүү жана чек ара маселелери талкууланды


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өлкөнүн чектеш райондорун өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Вице-премьер-министр белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн-кеңешме болуп өткөн, анын жүрүшүндө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелер, анын катарында чек арага тийиштүү маселелер да талкууланды.


«Чек ара маселелерин чечүү өкмөттүн бирден-бир артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Бюджеттеги тартыштыктарга карабастан, чектеш райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасында пландаштырылган пункттарын каржылоо жана ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө турат», - деди Акрам Мадумаров.


Кеңешменин жүрүшүндө бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү талкууланды.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде Баткен облусунда логистикалык борборду куруу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн