Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өкмөттү мактагандарга эки комуз берели, төргө чыгып макташсын, - Иманалиев

14.05.2020 15:11
1441
Өкмөттү мактагандарга эки комуз берели, төргө чыгып макташсын, - Иманалиев


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев төрага Дастан Жумабековдон өкмөткө адвокат болгонду токтотуусун суранды. Иманалиев билдиргендей, Жумабеков парламентти башкаруучу катары иштешкен сегизинчи спикер. Ошол 7-8 спикердин ичинен бир дагы төрага Жумабековдой болуп парламенттин эмес, өкмөттүн төрагасындай иш алып барган эмес.


Сиз бардык мыйзамдын адвокаты боло бересиз. Мен мисалы, айыл чарбасы боюнча жакшы билбейм, сүйлөй да албайм. А сиз бардык тармак боюнча адис боло бересиз. Сиз ал мыйзамды окуган жоксузбу, анда ага комментарий бербеңиз. Бул парламентке аброй алып келбейт, депутаттардын айткандарынан туура жыйынтык чыгарыңыз. Бардык депутатты эл шайлаган, эч кимди залдан чыгып кет деп айтканга укугуңуз жок”, - деп айтты Иманалиев.


Ошондой эле, ал өкмөт отчет бергени келгенде парламенттин позициясын колдоо керектигин, өкмөткө адвокат болушун токтотууну суранды.


Бир учурда Сапар Исаков өкмөт башчы кезинде менин сөзүмдү жулуп алып, аны колдодуңуз эле. Азыр Сапар кайда отурат? Ушул тапта дагы Абылгазиевди колдоп атасыз. Биз мыйзам жазып колдоп берели, өкмөттү мактайбыз дегендерге эки комуз берели, төргө чыгып мактап беришсин. Бюджет деген парламенттин конституциясы, бир жылда эки гана жолу карап беребиз. Ошондо дагы өкмөттү жактайсыз. Өкмөттү жамандаган эч ким жок, бирок кечээки, бүгүнкү позицияңыз жаккан жок”, - деди депутат.


Камчыбек Жолдошбаев жана башка бир катар депутаттар эл өкүлдөрүн ыктымакка, сабырдуулукка чакырып, орозо айында бири биринин көңүлүн оорутуп албоого үндөдү. 


Тема боюнча: Кимде ким парламентти жактырбаса кетип эле калсын, - Дастан Жумабеков 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн