Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өкмөттүн абийирин меценаттар жаап атат го?

24.07.2020 11:54
2128
Өкмөттүн абийирин меценаттар жаап атат го?


 

Дагы бир нерсе айтайын. Тепки жебей жүрдүм беле!



Муну деген деңгээл деп коет. Менин оюмча президент ыктыярчыларды кабыл алууда бир эле нерсени эске алышы керек болчу. "Кимдер менен жолукканы атам, анан эмнеге?деген суроону берген эмес. Ооба, ыктыярчылардын арасында татыктуулары да, татыксыздары да бар экен, тикирейип теңтушу менен короодо отургансып... Кабыл алганга жараша жок дегенде медиктерди кошуп койбойбу? Болбосо, миллиондоп берип аткан Кыргызстанда, чет өлкөдө жүргөн мен-мен деген меценат, бизнесмендерди чакырса болбойбу?



Элден чогулган акчаны өз дарегине мен, сен деле жеткиргенди билип атабыз! Бирок эл демекчи, эл ичиндеги жеке ишкерлердин эмгектери опол тоодой болуп турат го. Ооба, активисттер уюштуруу иштерин кылып атышат, азамат! Бирок бул ооруну жеңгенден кийинки өкмөт же мэр менен уюштурула турган (не формальный) ыраазычылык ирээтиндеги жолугушуу болушу керек эле да.



Ушунча болгондон кийин меценат, бизнесмендерди позиция-оппозициясын кошуп туруп чакырып алып, "Мен силерди колдойм, жумуш ордун түзгүлө, менден эмне жардам керек? Экономикага салымыңарды кошкула деп эле койгонунда бизнесмендерге кандай мотивация, стимул болот эле? Элдин калың катмарына жардамды дал ошол колунда бар жеке ишкерлер кылып атат го. Өкмөттүн абийирин дал ошол меценаттар жаап атат го?



Мен жолугушууга барган активисттерди татыктуу эмес, дегим келбейт. Бул жолугушууну ким уюштурса дагы, дагы бир жолу президенттин беделин түшүрдү! Укту - жоопсуз кетишти... ну и что? Элдин камын көрүп аткан ишкерлерди колго албайбы эстүү киши, кодулабай!

Каап, катчынын катасыбы же?

 

Журналист, теле алып баруучу Замир Казакбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн