Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өкмөттүн аппаратында иштеген 3 кызматкерден коронавирус аныкталды

27.06.2020 17:26
987
Өкмөттүн аппаратында иштеген 3 кызматкерден коронавирус аныкталды


Өкмөттүн аппаратында иштеген 3 кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу тастыктады.


Буга чейин Президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды, анын катарында Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев дагы бар экендиги маалымдалган.


Бүгүнкү күндө Президенттик аппаратта жалпы 17 адам илдетке чалдыкты. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин аппаратынын 4 кызматкеринен жана 4 депутаттан бул оору аныкталган.


27-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Муну менен республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 4513 болду. Коронавирус аныкталгандан кийин 46 адам каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн