Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 20:29
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Өлкө аймагында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылгандар кармалды

14.04.2025 10:54
63
Өлкө аймагында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылгандар кармалды


Өлкө аймагында массалык башаламандык даярдоого жана уюштурууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө дардык көрүп жатышкан кылмыштуу топ боюнча маалымат түшкөн.


Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандык" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы топтун активдүү мүчөсү катары Токтогул районунун тургуну, 1978-жылы туулган С.Ф. аттуу жаран аныкталып, кийин ал соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Бул факт боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган М.О. аттуу Кара-Суу районунун тургуну жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча каражаттарын легалдаштырууну, банктык операцияларды жүргүзгөнү жана Тилекмат Куреновдун (активист) жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтканы аныкталган.


Учурда 1998-жылы туулган М.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөөнүн жүрүшүндө Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү далил буюмдар алынып, тергөө иштери уланууда.


Чүй облустук милициясы "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, интернет тармагына жалган маалыматтарды жайылтуу мыйзам бузуу болуп эсептелээрин, бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн