Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:26
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент коронавирустан каза болгон дарыгер Ж.Тазабекованын жакындарына көңүл айтты

30.06.2020 22:13
835
Президент коронавирустан каза болгон дарыгер Ж.Тазабекованын жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын коронавирустан каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти, биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Жамал Тазабекованын өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, жалпы душман менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконун баса белгиледи.

«Жамал Тазабекова өз кесиптештеринин, бейтаптарынын, жакындарынын жана туугандарынын эсинде түбөлүккө калат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн