Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өлкөдө жалпы 49 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

07.04.2020 17:06
996
Өлкөдө жалпы 49 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү


“Жардам штабы” бүгүнкү күндө 49 245 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1-мартка карата 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө бар, алардын ичинен 309 437 бала орточо өлчөмү 870 сомду түзгөн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышат.

 

Ал эми, орточо өлчөмү 3009 сомду түзгөн ай сайын берилүүчү жөлөкпул алгандардын саны 93 546 адам экени айтылат.


Ошондой эле, мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн персоналдык ассистентердин эмгек акысы, бала асыраган үй-бүлөлөргө, анын ичинде асырап алган үй-бүлөлөрдөгү балдарга төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө берилери белгиленген.

 

Учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги шаардык жана райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө насыя ачуу (каржылоо) боюнча иштерди баштаганы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн