Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 15:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Өлкөдө 7-13-сентябрь күндөрү Комуз жумалыгы өтөт

06.09.2020 13:51
1113
Өлкөдө 7-13-сентябрь күндөрү Комуз жумалыгы өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата 7-13-сентябрь күндөрү комуз жумалыгын өткөрөт.

Министрликтин билдирүүсүндө айтылгандай, учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт.

Программада, залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтөт. 

Жумалыктын программасы:

- 7-сентябрда саат 10:00дөн 16:00гө чейин “Күү залкарларын эскерүү” - Карамолдо, Ыбырай, Токтогул, Ниязалы, Чалагыз, Атай, Шекербек ж.б,;

- 8-сентябрда саат 16:00дө “Комуз күүлөрүнүн өнүгүү тенденциялары” илимий конференция;

- 9-сентябрда саат 17:00дө “Таңшы комуз” гала-концерт (онлайн);

- 10-сентябрда бир күн бою "Комуз менен ырдайбыз!" онлайн акциясы;

-11-сентябрда саат 16:00дө “Залкар комузчулардын табериктери” Залкар комузчулардын комуздары тууралуу баян;

- 12-сентябрда саат 11:00дө Атай Огомбаевдин 120 жылдык мааракесине карата флешмоб “Маш ботой”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн