Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 00:29
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Өлкөдө балдарды коргоо боюнча соцкызматкерлердин саны 550гө көбөйтүлөт

30.01.2025 12:33
250
Өлкөдө балдарды коргоо боюнча соцкызматкерлердин саны 550гө көбөйтүлөт


Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, бул кадам балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи болуп саналат.


"Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат. Ошондой эле мындай нерселерди алдын алуунун үстүндө иштешет. Ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүү алардын милдети болот. 1-февралдан тарта колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат", — деп айтылган маалыматта.


Эскерте кетсек, мамлекет башчысы буга чейин "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде социалдык кызматкерлердин 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн