Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкер катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 9 медик айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3136 учур катталды, алардын ичинен 2496 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн