Чет элдик жарандар 2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн виза ала турган тийиштүү документтерди топтоо жүрүүдө.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан өнөр жай тармагында - 203, айыл чарба чөйрөсүндө - 3, жол куруу тармагында - 469 өтүнмө кабыл алынды.
Чет өлкөлүк адистердин Кыргызстанга кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана электрондук виза алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси тиркелет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн