Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Өлкөдө кылкандуу дан эгиндеринин теңи жыйналып бүттү

06.08.2024 12:10
282
Өлкөдө кылкандуу дан эгиндеринин теңи жыйналып бүттү


Ушул тапта республика боюнча 251,3 миң гектар аянттагы кылкандуу дан эгиндери же жалпы эгин аянтынын 51,3 пайызы жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпысынан республика боюнча 888 комбайн иштетилүүдө.


"Кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 29 центнерди түздү, бул өткөн жылдагыга караганда 12 пайызга көп. Буудайдын түшүмдүүлүгү Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында гектарынан 32-33 центнерден алынып жатат. Жалпысынан өлкө боюнча 395 миң тонна буудай жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 175 миң тоннага көп. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында, анда дыйкандар гектарынан 28,5 центнерден түшүм алууда", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн