Ош шаардык ооруканасында коронавирустан аял киши көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 9-июндагы брифингде билдирди.
“Ош облусутук ооруканасынын гемотолгия бөлүмүндө дарыланып жаткан 1973-жылы төрөлгөн аял киши COVID-19дан каза болду. Облусутук ооруканада андан коронавирус бар экени аныкталып, шаардык клиникалык бейтапкнага которлуган. Ал бөйрөктөн химия алып жаткан экен. Дем алуусу начарлап, жүрөк кан-тамыр жана башка көп ооргандары ооруну көтөрө албай кече коронавирустан каза болду”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн