Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өлкөдөн чыгарылган акча каражатынын көлөмү рекорддук көрсөткүчтү түздү

12.08.2022 10:59
982
Өлкөдөн чыгарылган акча каражатынын көлөмү рекорддук көрсөткүчтү түздү


Июнь айына карата өлкөдөн чыгарылган акча каражаты 85,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.
Улуттук банктын ачык маалыматтарын карап чыгып, бул бир айдагы рекорддук сумма экенин билүүгө болот.
Рекорддук көрсөткүч үч айдан бери катталууда. Май айында тышка чыгарылган акча 85,5 миллион долларды, апрель айында 79,7 миллион долларды түздү.
Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта сыртка 361,7 миллион доллар чыгарылган.
Буга чейин өлкөдөн алда канча аз каражат которулган. Мисалы, 2019-жылы декабрь айындагы рекорддук көрсөткүч — 61 миллион болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн