Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өлкөнүн автомотоспортунун тарыхында биринчи жолу кыргызстандык алтын утуп алды

02.10.2023 09:04
426
Өлкөнүн автомотоспортунун тарыхында биринчи жолу кыргызстандык алтын утуп алды


Өлкөнүн автомотоспортунун тарыхында биринчи жолу кыргызстандык Азия-Тынч океан чемпионатында алтын утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан барган Улукбек Байзаков Куала-Лумпурда өтүп жаткан автомотоспорт боюнча Азия-Тынч океан чемпионатында “автослалом” категориясында биринчи орунду ээледи.


Улукбек Байзаков Кыргыз Республикасынын спорт чебери.


Маалым болгондой, Кыргызстандын автомотоспорт боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия жана Тынч океан чемпионатына катышкан. Мелдешке 27 өлкөдөн командалар келген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн