Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар ачкачылык акциясын токтотту

19.03.2020 16:27
692
Өмүр бою эркинен ажыратылгандар ачкачылык акциясын токтотту


Өмүр бою эркинен ажыратылган 236 адам 18-март күнү ачкачылыгын токтотту. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-мартта өмүр бою эркинен ажыратылган 200 жакын адам соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарына каршы ачкачылык жарыялаган. Ал эми 16-мартта алардын саны 236 адамга жеткен. Тамактануудан баш тарткандардын арасында абактардын ооруканаларына кайрылгандар болгон эмес.


Мекеменин кызматкерлери ачкачылык жарыялаган адамдарга түшүндүрү иштерин жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө жазаларды аткаруу мекемелеринде абал турукту экени кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн