Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы күрөшүүгө 5 млн сом бөлдү

19.03.2020 10:29
5244
Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы күрөшүүгө 5 млн сом бөлдү


 

“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу атайын кайрылуу жолдоп, коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 миллион сом бөлгөнүн жарыялады. Социалдык баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусунда коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жарандар да, бизнесмендер да колдоого алышы керектигин айткан. Төмөндө Бабановдун билдирүүсүн сунуш кылабыз:


Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Биздин өлкөбүз, дүйнө жүзү бул коркунучтуу оору менен алышууга аргасыз.

 

Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат!

 

Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек!

 

Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек.

 

Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик, анын ичинен баатыр Дарыгерлерибиз үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерибизге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат.

 

Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз!!!

 

Улуу Жараткан Алла бизге жана бүткүл адамзатына ушул сыноодон өтүүгө жардам берсин!

 

Урматым менен,

 

Өмүрбек Бабанов

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Абазбекова Гульмира
Урматтуу Омурбек Бабанов жардамынызга чон рахмат
Инават
Рахмат кандай аял тороду экен Омурбек Бабановбой Эр азамат жигитти. Эле биржи барсан Аллахым сага 1000 до берсин. Дайыма БАШЫН БИЙИК болсун. Аллахым сага секси ден-соолук берсин садага.Кадамжай
Садыкова Аянкуль
Аман эсен бол.Кыргыздын чыгаан уулусун!!?
Байтиева Нарынкул
Элиңе жардам бергениңизге чоң рахмат.
Roza Kalieva
Бир гана айтаарым - Бабанов гана татыктуу өлкөбүздү башкарууга.. Жаратканым жар болсун - жаман көздөн сөздөн сактасын!!!
Гульнура
Рахмат,Кыргыз элим эч качан ооруубасын.Дуйно тынч болуп,элим бакубат жашоодо омур сурушсун.