Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өмүрбек Бакиров соттолгонбу? Өзү жооп берди

16.06.2021 13:57
931
Өмүрбек Бакиров соттолгонбу? Өзү жооп берди


Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги КСДП фракциясынын убактылуу лидери Өмүрбек Бакиров соттолгондугу тууралуу жооп берди.


Анын айтымында ал КСДП фракциясын убактылуу жетектегенден кийин соттолгондугу тууралуу маалымат тарай баштаган. 


"Акыркы убакта менин атыма мурда болуп корбогондой чон бир саясий каралоо журуп жатат. 


Азыр болсо социалдык желелерде мурда соттолгон деген жалган маалымат таратып элдин башын айлантып жатышат. Мен сиздерге маалымат иретинде мурда эле ИИМ тарабынан такталган маалыматты айтып коеюн. 2010-жылы Жогорку Кенештин депутаттыгына оппозициялык Ата-Журт партиясынан талапкерлигимди койгон элем. Соттолгонум чын болсо ошондоле талапкер кылып каттамак эмес. Андан кийин 2015-жылы, жана 2020-жылдарыда талапкер болгом. Мыйзам боюнча ар бир партия талапкерлерине мурда соттолбогону тууралуу ИИМден справка алып, анан БШК аны талапкер кылып каттайт эмеспи.


Сиздерге ачык эле айтайын СДПК фракциясын убактылуу жетектеп калгандан бери кээ бир саясий кучтор атайын саясий оюндарды жасап жатканын биз билип эле турабыз. Жалган маалымат таратып жан баккандарды кудайга койдум . Элибиз ак-караны ажыратып, кимдин ким экенин билип эле калышты. Жалган маалымат таратып мени атымды кыпындай да булгай албайсынар. Кайра мага дух, куч-кубат берип, эл учун ардайым таза, ак эмгек менен иштей бермекчимин.


 Саясий аренада туз, таза жана бетме-бет чыгалбай, артыман жалган маалымат тараткан 7-канал сыяктуу жана бир топ ФЕЙК аккаунттардын артында кайсыл адамдар, кайсыл саясий кучтор турганын аябай жакшы билип турабыз" ,- деп билдирүү калтырган депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн