Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын Соода өнөр-жай палатасынын президенти менен жолугушту

23.03.2023 14:51
306
Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын  Соода өнөр-жай палатасынын президенти менен жолугушту

2023-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын  Соода өнөр-жай палатасынына барып Президенти Норберт Ауст менен жолугушту.  


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Элчи Текебаев тарабынан энергетика, туризм, өнөр-жай жааттарында Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору сунушталды.


2023-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын Президенти Темир Сариевдин Гамбург шаарына иш сапарын уюштуруу макулдашылды. Андан тышкары 2023-жылдын күз айларында Кыргызстан менен Гамбург шаарынын ишкерлери ортосунда бизнес форум өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү.

Андан тышкары Кыргызстандын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элерлинг жана Шлезвиг-Хольштайн федералдык жериндеги Ардактуу консул Кристоф Крошке менен Элчи Ө.Текебаевдин жолугушуусу болду жана 2023-жылы кыргыз-керман Ишкердин кеңештин жыйынын өткөрүү маселелери талкууланды.

Карл Элерлинг Кыргыз-герман ишкердик кеңештин тең-төрагасы катары 2023-жылдын апрель айында бир катар герман ишкерлеринин конкреттүү инвестициялык долбоорлору менен Кыргызстанга барарын маалымдады.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн