Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев экс-президент Роза Отунбаеванын апасы Салика Даниярованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
Ал өзүнүн социалдык баракчасынан билдиргендей, Салика Даниярова өмүрүнүн 40 жылын мугалимдик кесипке арнаган.
"Ата Мекен" партиясынын жана өзүмдүн үй-бүлөмдүн атынан Роза Исаковнага апасынын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу ага жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөм. Салика апанын ыйманы саламат, арты кайырлуу болсун!”, - деп жазды Өмүрбек Текебаев.
Белгилей кетсек, Салика Даниярова кечээ, 28-июнда 95 жаш курагында дүйнө cалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн