Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өмүрбек Бабанов: Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгышы керек!

14.10.2020 09:59
1480
Өмүрбек Бабанов: Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгышы керек!

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов социалдык тармактар аркылуу өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар боюнча өз пикирин билдирди. 

Анда мындай деп айтылат: 

Ой-пикирлер ар кандай болот, бирок мыйзам баарына бирдей! Активдүү жарандарды коркутуулар, саясий куугунтуктоолор тезинен токтолушу керек!

Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгышы керек! Cаясий себептер менен анын эки айга камакка алынышы эркин сүйлөгөн кыргызстандыктарды коркутууга багытталган.

Белгилүү болгондой бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулушууда. Алардын да конституциялык сөз эркиндигине жана тынч жыйынга катышуу укуктарын бийлик өкүлдөрү камсыз кылуусу тийиш! Талап кылган мыйзамдуулук бардык саясий күчтөргө жана бийликке бирдей болушу керек!

Камоолор көйгөйдү чечпейт, тескерисинче тирешүүнү күчөтөт. Укук коргоо органдары жарандардын тынч чогулушка болгон конституциялык укугун коргошу керек! Провокация уюштуруп, таратуу, кармоо жана камакка алуу менен коркутпоого тийиш.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
эркеш
туура колдойм