Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды

12.03.2024 09:18
1564
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды


"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка 2023-жылда тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат. Сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи Бишкек шаарында 17-майда өтөт.

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы – өткөн жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистерин сыйлаган жыл сайын болуучу иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү жасоо максатында өткөрүлөт.

Аталган улуттук кино сыйлык 2012-жылы бараандуу кинематографисттердин тобу тарабынан негизделген. Кыргызстандагы кино тармагындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылган алгачкы сыйлык.

Иш-чара Кыргызстан кинематографисттер уюмунун, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет. 2019-жылы киносыйлыкты жыл сайын откоруу максатында "Борбордук Азиянын кинематография искусствосунун "Ак илбирс" академиясы" коомдук фонду түзүлгөн.

Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:

  • мыкты тасма;
  • мыкты режиссёр;
  • мыкты сценарий;
  • мыкты оператор;
  • мыкты сүрөтчү;
  • мыкты композитор;
  • мыкты үн режиссёр;
  • мыкты монтаж;
  • эркектин мыкты ролу;
  • аялдын мыкты ролу;
  • мыкты даректүү кино;
  • мыкты кыска метраждуу кино;
  • көрүүчүлөр жактырган мыкты кино;
  • улуттук кинематографияга кошкон салым;
  • дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;
  • борбор Азиядагы мыкты кино;
  • борбор Азиянын мыкты актёру;
  • борбор Азиянын мыкты актрисасы.

Белгиленгендей, документ тапшыруунун мөөнөтү 30-апрелде аяктайт, табыштаманын үлгүсүн төмөнкү шилтеме аркылуу кирип жүктөп алууга болот.

"Аны толтурган соң [email protected]электрондук дарегине жөнөтүү керек. Байланыш номери: +996(706) 190 201", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн