Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Ала-Тоо" аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам жабыркап, ооруканага түштү

05.10.2020 22:33
725
"Ала-Тоо" аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам жабыркап, ооруканага түштү


"Ала-Тоо" аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык травматология, ортопедия илим изилдөө институтуна 4, Улуттук госпиталга 10, Бишкек шаардык №1 ооруканасына 2 адам "Тез жардам" кызматы менен жеткирилди. 

Буга чейин Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер, депутат Жанар Акаев жараат алганын анын жардамчысы Орозбек Муратов билдирген эле.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн