Чыгыштагы демократиянын, өнүгүүнүн үлгүсү катары Жапония айтылып келет. Кен байлыгы болбогон, адам ресурсуна маани берип, дүйнө экономикасында 3-орунда турган өлкөнүн ийгилик сыры эмнеде?
Жапон демократиясынан Кыргызстан кандай сабак алса болот? Ушул суроолордун тегерегинде "Азаттыктын" кабарчылары "Эркиндик үнү" подкастында чыгыш таануучу, Жапонияда окуп, иштеп келген Сейтек Качкынбай менен маектешишкен.
- Азыр Жапония демократиялык көрсөткүч, экономика, жада калса дүйнөнүн ишеними боюнча да алдыда экени маалым. Эң көп өлкөнүн визасыз режимин алган да Жапония. Ушундай өлкөнү калыптандырган баалуулук эмне?
- Менин оюмча, бул жерде эки касиет бар. Биринчиси - жапон элинин өзүнө таандык өзгөчөлүгү, нагыз касиети. Экинчиси - Жапония каякка багыт алып, ким менен алака түзүп, кимдер менен соода жүргүзгөнү да маанилүү фактор болгон. Жапандын негизги өзгөчөлүгү дегенде, бул өлкө өзүнчө арал болгону үчүн анын коому аябай консервативдүү, жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган мүнөзү бар эл экенин эске алуу керек. “Самурайдын руху” деп жүрүшпөйбү.
19-кылымдан баштап Жапония Батыштын технологиясына, системасына, институттарына үңүлүп, өнүгүүнүн сыры ушунда турбайбы деп кызыга баштаган. 19-кылымда жапон коому экиге бөлүндү. Ага чейин Жапония дээрлик 300 жылдай жабык өлкө болуп турду. Мында улуттук тазалыкты сактап калабыз деген максат болгон. 19-кылымдын ортолорунда европалыктар кеме менен чыгышка келгенде, жапондор аны көрүп таң калып, артта калып баратканын түшүнүшкөн. Кийин европалыктар менен болгон согушу да биз улуттук наркыбызды сактап калышыбыз керек деген идеянын артынан болуп, бара-бара улутту сактап калуу үчүн Батыштын жаңы өзгөчөлүктөрүн кабыл алып, жаңылануу керектигин коомдун көпчүлүк бөлүгү түшүнүп калган.
Ошентип, Жапония Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Англиянын парламенттик системасын, Германиянын аскер системасын, Швециянын кеме куруу индустриясын үйрөнүп, жаңыланууга ачылды. Жаңы Конституция кабыл алынып, масштабдуу өзгөрүүлөрдүн арты менен Жапония чоң секирик жасады десек болот. Жыйынтыктап айтканда, бул өлкөнүн ийгилик сыры Батыш менен дос болгонунда деп ойлойм.
- Жапония жыйырманчы кылымдын башында да экспансионизм саясатын жүргүзүп, аймакка өз таасирин сездирип, аймагын кеңейтүү амалын көздөгөн падышалык болуп турду. Кытай менен согушу, кийин АКШ менен Улуу Британияга каршы согуш ачышы сыяктуу тарыхый бурулуштары бизге маалым. Жапония демократияга кантип келди? Коому бул баалуулуктун керек экенин кантип сезди?
- Демократияны кабыл алсаң эле бардык жерде иштеп кетпейт экен. Ооганстанды, Иракты көрүп жатабыз. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин Жапония менен Германияда кабыл алынган демократиялык институттар Англия, Америка, Швециядагыдай эле иштеп кетти. Мында жапон эли Экинчи дүйнөлүк согушта, империалисттик доордо кетирген каталарын аңдап, бул жолго кайра бара бербей, өнүгүү жолуна өтөлү деп түшүндү. Дагы бир себеби, жогоруда айткандай эле, өлкөнүн Америка, Европа менен өнөктөш болгондугунда. Жапония өндүргөн технологиялык товарларын бирөөгө сатышы керек болгон. Алар капитализм орногон алдыңкы өлкөлөр, ошол Америка, Англия, Европа өлкөлөрү болду.
- Жапон элинин жакшы кулк-мүнөзү тууралуу кыргыз коомунда да жылуу пикирлер көп. Мен жарандардын бийликке, кабыл алынган чечимдерге таасири тууралуу сурагым келип жатат. Ушул өнүгүүдөгү элдин салымы канчалык? Парламентаризмдин курулушунда коомдун, жарандардын таасири кандай болду?
- Жапонияны император башкарып келди. Өзгөрүүнүн алдында бул өлкө үчүн падышалык институту бар Англиянын моделин тандоо керек болду. Императордун колунда салттык легитимдүүлүк менен атадан балага калып келген бийлик бар болчу. Парламент шайлоо менен тандалып иштей турган параллель институт болду. Ушундай жол менен бийлик системасы жаңы формага ооду.
Сompliance деген түшүнүк бар. Муну эреже менен жашоо же ыктыярдуу баш ийүү деп койсок болот. Бул түшүнүк жапондо кеңири жайылганы үчүн авторитардык режим учурунда империалисттик саясатка деле, кийин келген демократияга да баш ийип жашады. Бул өлкөдө коом кандай чечим кабыл алса, ошого баш ийип, эрежелерин сактап жашаш керек деген түшүнүк калыптанып, институтташып калган.
- Жапон демократиясын сындагандар да жок эмес. Мисалы, алар Жапониянын саясий айдыңында 1955-жылдан бери бир партия же Либерал-демократиялык партия үстөмдүк кылып келе жатканын айтышат. Бир бөлүгү Жапонияда добуш берүүчүлөр активдүү болгону менен, барган сайын жаштардын саясий процесстерге кызыгуусу да азайып жатканын айтышат. Плюрализмди камсыз кылуу үчүн жапон демократиясы да реформага муктаж эмеспи?
- Демократия болуш үчүн партиялардын же саясий топтордун ортосунда атаандаштык жүрүп, коалициялык өкмөт болгон Европанын гана тажрыйбасын билебиз. Жапонияныкы бир аз айырмаланып, Италияныкына окшоп кетет. Жапонияда “55 режим” деген түшүнүк бар, бул либерал-демократтар 55 жыл бою бийликте болду дегени. Бирок жапондордо либерал-демократтар гана бийликте турганы менен, 1970-жылдардын башында өлкөдө социализмге карата романтизм пайда болуп, парламенттин 30% социалисттер түзүп калган. Кийин СССРдин жүргүзгөн саясатын көрүп, бул көз карашынан кайткандар көп болгон. Анын үстүнө ошол маалда бийликте турган либерал-демократтар космостук жыйынтыкка жетишип, Жапония экономикалык көрсөткүч боюнча дүйнөдө 2-орунга суурулуп чыкты. Ушул темп менен өлкө 2009-жылга чейин дүйнө экономикасында ошол ордун сактап турду.
Ооба, ушул мөөнөт аралыгында либерал-демократтар үстөмдүк кылып турганын сындагандар бар. Анткен менен, азыр парламент ичинде социал-демократтар, коммунисттер жана башка партиялар да бар. Бирок баары бир көпчүлүктү либерал-демократтар түзүп келди. 2000-жылдын тегерегинде бул партиядан бөлүнүп кеткен демократтар да бийликке келди. Жапониянын секирик жасап, экономикасын көтөрүүдө либерал-демократтардын зор салымы бар десек болот.
Жапондо шайлоолор таза өтүп, эл улам ишеним көрсөтүп келгени үчүн либерал-демократтар узак убакыт бою бийликте турду. Бул коркутуу же күчкө салуу менен эмес, тандоо жолу менен пайда болгон жыйынтык экенин айта кетүү керек. Ал жакта коркутуу, кысым көрсөтүү, же “каралардын” таасири деген сыяктуу рычагдар иштебейт, жок. Саясий процесстер табигый жол менен гана болуп келе жатат.
- Чексиз бийликке болгон кумар адамдын улутуна башка өзгөчөлүгүнө карабай, баарында болорун дүйнөнүн тарыхы далилдеген. Муну илимдин тили менен авторитаризм деп койсок болот. Жапония бул түшүнүктү кантип жеңди? Анткени биздин реалдуулук менен алганда “болор-болбос нерсе үчүн” да өкмөттүн кечирим сураганы же отставкага кеткен окуялар бул өлкөдө да көп катталат эмеспи. Керек болсо коррупцияга айыпталган айрым саясатчылар эл алдында кадимкидей өңгүрөп ыйлаган учурларды да билебиз. Жапон саясатында кемчиликти моюнга алуу маданияты кантип калыптанган? Бир күндө келбесе керек...
Жапон коому берген добушунун артынан түшүп, ал канчалык акталганын, берилген убадалардын аткарылып жатканын тыкыр көзөмөлдөйт.
Сейтек Качкынбай.
- Муну accountability деп коёт, мындайча айтканда, элге түшүндүрө алуу, маалымат берүү, пикири менен эсептешүү жана жарандарга болгон жоопкерчилиги десе болот. Бийлик эл алдында ушундай жоопкерчилиги бар экенин унутпайт. Шайлоодо добуш берүү – аманат. Жапон коому берген добушунун артынан түшүп, ал канчалык акталганын, берилген убадалардын аткарылып жатканын тыкыр көзөмөлдөйт. Керек болсо шаар мэринин аялы мамлекеттик унааны дачага же өзүнүн кызыкчылыгына колдонуп, бала бакчага барып койсо деле чоң чуу чыгып, ага кылмыш иши козголгонго чейин барышы мүмкүн.
Бишкектеги жапондун мамлекеттик мекемелеринде да ушундай эреже иштейт. Алсак, жапон элчиси баш болуп бардык кызматкери жумушка мамлекеттик машине менен келбейт. Жумуш маалында гана иш үчүн керек болгондо ал автоунааны колдонушат. Бул элге болгон жоопкерчилик, сарамжалдуулук кызматтын этикасына айланып калган. Мунун баары коомдук көзөмөлдүн жыйынтыгы. Жапонияда жалпыга маалымдоо каражаттары эркин болгону үчүн ушундай терс көрүнүштөрдү дароо эле айтып чыгышат. Ал жаңылык 123 миллион адамга дароо тарап кетсе, ошону менен ал кызматкердин саясий карьерасы бүтүп калышы мүмкүн. Жапонияда убадаңды аткарбай, карьераң бүтүп калса, коом сени жектейт, элге аралашып жүрүү кыйын.
- Саясат талдоочулар жапон демократиясы салыштырмалуу туруктуулугу менен айырмаланарын, дүйнөнүн булуң-бурчунда, анын ичинен Европада күч алган популисттик кыймылдарга баш бербей келе жатканын айтышат. Жапонияда бир шайлоочунун портретине, анын процесстерге катышуусуна, кандай мүнөздөсө болот? Канчалык аң-сезимдүү тандоо жасалат?
- Жапония ушунчалык күчтүү коом түздү. Экономикалык кереметти багындырып, бакубат жашап, орто класс пайда болгондо, элдин өнүгүүгө умтулуусу жоголот экен. Коом коопсуз, ууру жок, сен өзүңдү өнүктүрүп башка өлкөгө барбасаң деле өз жериңде тапканың жашоо-турмушуңа жетет. Ушундай кырдаалда элде тытынып иштегенге умтулуу жоголуп, бейкапарлык пайда болот экен. Ушундай апатия жапон коомун да тооруду.
Жапонияда 1990-жылдан бери дээрлик өнүгүү жок. Ошол жылдардагы бакубат коом ошол бойдон турат. Экономикадагы көрсөткүчтөр да ошол кездеги бойдон сакталып, өнүгүү болбой эле турат. Жапондун жаңы телевизор, компьютер же башка шайман чыгарган компаниялары рынокто анчейин жок. Алардын ордуна Кытай, Түштүк Корея аракет кылып, алдыга чыгууга умтулуп жаткандай. Ошол үчүн азыр жапан коомунун ичинде соңку 30 жылды жоготтук, азыр ойлонбосок, кийин дагы баарын жаңыдан башташ керек болуп калат деп чочулоо болуп жатат. Алардын дагы бир чочулоосу дүйнөлүк экономикада Германия Жапонияны басып өтүп, 3-орунга чыгып калышы мүмкүн экени болуп жатат.
Бул табигый процесс экен. Коом канчалык бакубат болуп, муктаждыктары чечилген сайын, жаштар арасында бейкапарлык пайда болуп, мотивация жоголот.
- Өткөндө "Жапондун теңдик саясатын анын ишкерлерге түзгөн шартынан эле билсе болот" деген пикирди угуп калып, изилдеп көрдүм. Credit Suisse кредиттик институттун маалыматында дүйнөдө миллионерлердин көптүгү боюнча Жапония 3-орунда экен. Башкача айтканда, 125 миллион элдин 3 миллион 366 миң миллионери бар. Бул өлкөдө ачык ишкердик кылып баюуга, мүлктүн кол тийбестигине шарт кандай түзүлгөн?
Жапонияда чакан жана орто бизнеске аябай маани берилген. Анткени чакан жана орто бизнес канчалык көбөйсө, ошончолук жумуш орундары түзүлүп, салык төлөөчүлөрдүн саны өсөт. Сейтек Качкынбай
- Жапония десе эле биз өзүбүз билген ири компанияларды гана эстеп, ал өлкөдөгү бизнес ошолор эле болсо керек деп ойлойбуз. Жапониянын улуттук экономикасынын түзүмүнүн 99,7% чакан жана орто ишканалар түзөт. Биз билген Mazda, Honda, Toyota, Panasonic деген бренддер болгону 0,3% түзөт. Жапонияда чакан жана орто бизнеске аябай маани берилген. Анткени чакан жана орто бизнес канчалык көбөйсө, ошончолук жумуш орундары түзүлүп, салык төлөөчүлөрдүн саны өсөт. Анткени салык - бул бюджет. Өлкөнүн экономикасы алтын же мунай сатуу менен эле өнүгүп кетпейт. Жапонияда чийки затка басым жасаган Орусиядагыдай шарттагы экономика эмес, ал жакта алдыда өндүрүш турат.
Жапонияда салык төлөөчү өзүн пайгамбардай алып жүрүүгө акылуу деген түшүнүк бар. Анын алдында мамлекеттик кызматкер тейлөөчүсү же кызмат көрсөтүүчүсүндөй эле ролу бар. “Сен бизнес кылбай эле кой, биз сага салык катары айына ушунча төлөп турабыз, анын ордуна биз үчүн ушул-ушул иштерди жасап бер” дегендей максат үчүн мамлекет деген институт түзүлгөн да. Ошого Жапонияда салык төлөөчүгө сый мамиле жасалат. Ал жакта кайсы жерге барбагын, чакан жана орто бизнести көрөсүң. СССР учурунда экономика десе чоң заводду элестетип, 500-700 адам иштесе гана экономика деп ойлоп калганбыз. Чындыгында чакан эле бизнес, мисалы, бозокана ачып 4-5 адамды иш менен камсыздасаң деле бул бизнес. Ушул сыяктуу майда иштер менен канчалаган адамдар үй-бүлөсүн багып жатат. Экинчиден, салыктын бир канча түрлөрү бар. Мисалы, киреше салыгы да, маяна алганда төлөнчү салык да бар. Мунун арты менен көп адамдар жакшы жашап, коомдун ортоңку катмары пайда болуп жатат. Акчаны көп кармаган адамдар көбөйгөн сайын, экономикалык циркуляция көбөйүп, киреше да өсөт.
Жапонияда ишкана ачыш да, жаап салыш да оңой. Ал жактагы инвестициялык климат үчүн эң мыкты фактор - мыйзам үстөмдүгүнүн орногондугу. Эгерде маселе чыга турган болсо, баарын сот чечет. Ал институт өзүнчө бийлик, көз карандысыз. Биздин өлкөдө мамлекет менен жеке ишкана соттошуп калса, анын 99% мамлекет жеңип алат экен деп уктум. Мындайча айтканда, бардык көзөмөл мамлекеттин колунда десе болот. Жапондо болсо жеке сектор чоң күч.
- Жапония - парламенттик башкаруудагы конституциялык монархия. Мамлекеттин башчысы - император. Императордун саясий ыйгарым укугу же күчү жок. Анын укуктары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кыйла чектелгени белгилүү. Ошентсе да жапон коомунда императордун ролу кандай бааланат?
- Император көбүнчө символикалык эле мааниге ээ. Парламент чечим кабыл алгандан кийин гана ратификация кылып кол коюп коёт. Жапон элинин тарыхый мурасы катары биримдикти чагылдырган сивол катары императорду баары сыйлайт. Бул биздин Манас баатыр сыяктуу десек болот. Алар императорго акарат айтып же ал тууралуу тамаша кыла алышпайт. Анын саясий күчү жок десек болот. Чечимдерди парламент кабыл алат.
- Кыргызстан менен Жапониянын кандай окшоштуктары бар? Кыргыз коому демократия жолунда, өнүгүүдө жапондордон кандай үлгү алса болот?
- Экономика менен саясат эриш-аркак жүрүүгө тийиш. Биз ошол үчүн биринчиден ким менен дос болуп, мамиле түзөбүз дегенге көңүл бурушубуз керек. Жапондой прагматик, өнүккөн өлкөлөр менен достошуп, сооданы да ошолор менен жүргүзүшүбүз маанилүү. Жапандай болуп улуттук кызыкчылыкка ылайыкташтырып көп векторлуу мамилени түзө беришибиз керек. Батыштын технологиясын жапондордой болуп өздөштүрсөк, улуттук иденттүүлүгүбүз да сакталып, орто классыбыз көп болуп, бакубат жашайбыз деп ойлойм. Бул үчүн саясий эрк, саясий чечим болушу керек. Ага удаа эле коом да мунун маанилүү экенин түшүнүп, талап кылып турушу зарыл.
Автор: Түмөнбай Абдинаби уулу, "Азаттыктын" кабарчысы
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн