Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:01
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

"БШКнын сервериндеги мүчүлүштүк шайлоо жыйынтыгына таасир этпейт",- Иманкулов

30.11.2021 14:03
521
"БШКнын сервериндеги мүчүлүштүк шайлоо жыйынтыгына таасир этпейт",- Иманкулов

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы мүчүлүштүктөр добуштарды саноого эч кандай таасир эткен жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат иманкулов “Ала-Тоо 24” каналына маек куруп жатып билдирди.


Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан да, ага катышкан саясий күчтөр тарабынан да ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн президент Садыр Жапаровдон шайлоо процессин толугу менен көзөмөлгө алуу боюнча так тапшырма болгон.


"Буга байланыштуу бир күн мурун саат 20.00гө жакын Талат Масадыков (Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары) экөөбүз борбордун ишин толук көзөмөлдөө максатында БШКга келдик. БШКнын серверинин ишенимдүү коопсуздугу жана ал жакка эч ким кирбеши үчүн биз анын айланасындагы коопсуздукту күчөттүк. Ошол маалда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бизге келип, серверге хакердик чабуулдар болуп жатканын айтты. Бирок биринчи текшерүүдө онлайн мониторлордун иштешинде эч кандай көйгөй болгон эмес. Шайлдабекова белгилегендей, серверлер үч деңгээлдүү коргоо менен корголгон жана аларды бузуп алуу оңой эмес. Ал эми дал ошол "мүчүлүштүккө" (сбой) келсек, бул серверлерден маалыматты экрандарга жайгаштырууда техникалык көйгөйлөрдөн улам болгон. Мүчүлүштүктөр БШКнын сайтынын ишине таасирин тийгизген, бирок алар тез арада анын ишин калыбына келтиришти. Ишенимдүү менен айта алам, бул техникалык көйгөйлөр шайлоонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок", - деди ал.


Сөзүн улаган Иманкулов электрондук шайлоонун жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин белгиледи.


"Бул учурдагы экинчи маанилүү жагдай, БШКнын онлайн көрсөткүчтөрү алдын ала гана болуп саналат. Техника бул техника, шайлоонун жыйынтыгы үчүн толук жоопкерчиликти ага жүктөө мүмкүн эмес. Добуштарды кол менен саноо расмий жыйынтык деп эсептелет. Бирок алдын ала электрондук жыйынтыктар кол менен эсептөөдөн көп деле айырмаланбайт деп ишенимдүү айта алам. Дагы бир жолу айтам серверлерге эч ким тоскоол болгон жок. Бардык эсептөөлөр ачык-айкын жүргүзүлдү, ошондуктан кол менен эсептөө менен айырма жокко эсе болот", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн