Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Баткен-Комфорт" базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү

11.01.2024 10:55
157
"Баткен-Комфорт" базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү


"Баткен-Комфорт" базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мурда аныкталган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 2000-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскар Шадиев, Жогорку Кеңештин Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, жеке кызыкчылыгы үчүн борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин (Баткен-Комфорт базарын) алып, өзүнүн туугандарына каттаганын маалымдайт.

Тергөөнүн жүрүшүндө жер участогунун иш жүзүндөгү ээлери аталган (С.Шадиевдин жана М.Шадиевдин) жакын туугандары «БГАТП» ЖАКтын акцияларынын контролдук пакети (64,38%) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү.

Муну менен катар 2024-жылдын 9-январында КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары "БГАТП" ЖАКтын жетекчилигин алмаштырган, мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн айына 10 млн сомго жакын (жылына 120 млн сом) мамлекеттик бюджетке түшөт.

Ошол эле учурда 2020-жылдан бери республикадан тышкары Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн А.Шадиев, жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган "БГАТП" ЖАКтын калган акцияларына карата, акцияларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу мүмкүндүгү үчүн сот тартибинде акцияларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

УКМК соода базарлары тарабынан алдамчылык аракеттерге жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктардын жана туура эмес шарттардын ар кандай фактылар аныкталса КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн