Режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөнүн Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматта "Оскардын" чет мамлекеттердеги комитеттери учурда талапкерлердин узун тизмесин түзүп жатканы, андан кийин шорт-лист (кыска тизме) түзүлүп, жеңүүчү аныкталары айтылган.
Абройлуу сыйлык үчүн ат салыша турган тасманы тандоо иш-чарасы бүгүн, 23-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өткөн. Кыргыз фильмдери "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлөт. "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелестеги легендарлуу Dolby театрында болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн