Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Бишкек ТЭЦи боюнча маселе Президенттик аппараттан чечилген"

20.03.2020 11:39
714
"Бишкек ТЭЦи боюнча маселе Президенттик аппараттан чечилген"

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 20-мартта Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштин негизинде соттук отурум уланууда. 

 

Отурумда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Рабига Садыкова ТВЕА компаниясынын куруучуларын тандоо боюнча хронологиялык маалыматтар тууралуу айтты. Ал өз сөзүндө курулуш боюнча баалар, куруучулардын акысы, келишимдин формасы жана каржылоо шарттары Артыкбаев министр болуп келгенге чейин эле аныкталганын билдирди. 

 

Ошондой эле, ал ТВЕАнын куруучуларын тандоо боюнча Кытай өкмөтү тарабынан багыт берилгенин айтты. 

 

Ал эми дагы бир айыпталуучу Салайдин Авазов маселе эки өлкөнүн деңгээлинде чечилгенин, Сапар Исаков бардык документтер июнь айында боло турган ШКУнун саммитине чейин даярдалышы керектигин талап кылганын билдирди. 

 

Жактоочу Р.Сыдыкованын айтуусунда, бул маселелер О.Артыкбаев дайындалганга чейин президенттин аппаратында чечилген, тактап айтканда жогору жактан команда берилген. "Бүт бары ошол жактан чечилген. Артыкбаев болгону ошону угуп, маселенин төркүнүн түшүнгөн", - деди ал.

 

 Аны менен катар Р.Сыдыкова Энергетика министрлиги "Электр станциялардын" чарбалык ишмердүүлүгүнө кийлигишпей турганын, компания Энергетика министрлигине профилдик мекеме катары кайрылганда, маселени статс-секретарь Батыркул Баетов чечкенин айтты.

 

"Бул жерде ошондо ким кызматтык абалынан кыянат пайдаланган болуп калат?", - деп сурады адвокат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн