Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

"Биздин Кыргызстан" партиясы мандаттарды бөлүштүрүү боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди

21.07.2021 18:53
1541
"Биздин Кыргызстан" партиясы мандаттарды бөлүштүрүү боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди


"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын Оштогу тизмесин жетектеген Медер Абдыманапов 24.kg маалымат агенттигине жергиликтүү шаардык кеңешке өткөн талапкерлерге мандат бөлүштүрүүдөгү кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.


Анын айтымында, эч кандай ызы-чуу жок, бардык маселелер чечилип, бардыгы менен макулдашылды. "Тизмеден аялдар чыгарылган жок, 30% квота боюнча, тизмедеги ар бир үчүнчү талапкер аял. Партия чындыгында жумшак рейтингди колдонот жана бул съезддин жүрүшүндө макулдашылып, бардык "Биздин Кыргызстандын" талапкерлеринин ачык добуш берүүсү менен бекитилген", - деп билдирди.


"Бүгүн, рейтингге ылайык, тизмеде эки гана аял өзгөрдү - Жамал Ормонова жана Айжан Эрмекбаева. Алардын орундарын дагы биздин партиялаштар Ош АШК тарабынан бекитилген талапкерлердин тизмесинен алышат", - деди Медер Абдыманапов.


"Бардык юридикалык процедуралар сакталды, талапкерлер өз ыктыярлары менен орундарды өткөрүп берүү жөнүндө арыз жазышты", - деп кошумчалады Медер Абдыманапов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн