Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Москвада кармалды

27.10.2022 19:34
218
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Москвада кармалды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу «Клооп» басылмасына анын жакындарына таянып билдирди.

 

Бул боюнча ИИМ жана тиешелүү органдар азырынча маалымат бере элек.  

 

Нарматованын Фейсбук баракчасына бир саат мурда пост жарыяланды. Анда ал үчүн эң баарынан чындык бийик турары, ага бир гана мамлекеттин жаркын келечеги керектиги жазылган. 

 

“Бул дүйнөнүн ыпластыгынан, саткынчылыгынан, коркоктугунан жана адамдык абийирин кечип койгонунан тажадым”, — деп билдирүү калтырган Нарматова. 

  

Орозайым Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычын берүүгө каршы пикирин билдирип, социалдык тармактарда бийликтин жапырт камоолорун сындап келген. Ал 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетине кирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн