Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Чет элдиктер 60 күндөн ашык жүрсө виза алышы керек"

30.01.2024 15:08
189
"Чет элдиктер 60 күндөн ашык жүрсө виза алышы керек"


Тышкы иштер министрлиги жакында кабыл алган жаңы жобого ылайык, айрым мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби өзгөрдү. Атап айтканда, эгер чектеш мамлекеттердин жарандары буга чейин Кыргызстандын аймагында 60 күнгө чейин визасыз жүрүп, бул мөөнөт аяктап баратканда өлкөдөн чыгып, кайра кирип, “визаран” системасын колдонуп келсе, эми 60 күндөн узак мөөнөттө жүрө тургандар виза алууга тийиш. Мына ушул жаңы эрежелер тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин бөлүм башчысы Айымкан Кулукеева Азаттыкка интервью берди.

- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү боюнча эрежелерге өзгөртүү кирдиби, кирген болсо, анын кандай зарылдыгы бар?

- Кыргызстан 2012-жылы инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү жана чет өлкөлөр менен кызматташууну активдештирүү максатында дүйнөнүн ондогон мамлекеттери менен визасыз каттамды киргизген. Андан бери андай өлкөлөрдүн тизмеси кеңейип, саны 60тан ашты. Ошол мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасыз 60 күнгө чейин кирип-чыкканга укуктуу. Мындан тышкары, дүйнөнүн 80 мамлекетинин жарандары Кыргызстанга келиш үчүн визаны жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. Ошондой эле дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин жарандары Кыргызстанга визаны биздин интернет портал аркылуу алса болот.

Ошол жогоруда айтылгандай, 60 күнгө чейин визасыз жүрүү тартибин пайдаланып, айрым чет мамлекеттик жарандар, анын ичинен чектеш өлкөлөрдүн жарандары биздин аймакка ар кандай максатта визасыз кирип-чыгып турушкан. Алар визасынын мөөнөтү бүтөөргө аз калганда, мисалы, 59 күн болгондо, чет мамлекетке чыгып, кайра кирип аткан. Ошол “визаран” деп аталган системанын жардамы менен алар ошентип визасыз мөөнөтүн узартып алып турушкан. Жогоруда мен айткан 2012-жылы кабыл алган мыйзамга ылайык, эгер чет мамлекеттин жараны Кыргызстандын аймагында 60 күндөн ашык жүрүүнү кааласа, анда ал виза алууга милдеттүү.

Сиз сурооңузда белгилегендей, 2023-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүктөрдүн жүрүү тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизилди. Ал жобого ылайык, буга чейин иштеп келген Кыргызстандын аймагындагы “визаран” укугу жоюлду. Өлкөбүздөгү миграциялык агымды көзөмөлдөө, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында ушундай ченем киргизилди.

- Өзбекстандын кыргызстандыктарга турмушка чыгып, үй-бүлө курган жарандары мурда ушул “визаран” системасын колдонуп келишкен экен. Акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, ал адам өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн аныкташы зарыл, “анын мал-мүлкү, эсебинде 50 миң сом болушу керек” деген маалыматтар эл арасында кабатырлануу жаратып жатыптыр. Ушуга түшүндүрмө берсеңиз?

- Ооба, “визаран” системасы Өзбекстандын жарандарына да тиешелүү. Мурда коңшу мамлекеттин жарандары 60 күнгө чейин чек арадан өтүп, кайра кайтып келип турушкан. Алар туугандык байланышты кармоо, соода-сатык үчүн да кирип-чыгат. Жаңы жобого ылайык, алар дагы Кыргызстандын аймагында 60 күндөн ашык жүрө турган болсо, визасын тариздеп алышы керек деп көргөзүлгөн. Ал эми “банктык эсебинде 50 миң сом болушу керек экен” деген эл арасындагы сөздөр чындыкка дал келбейт, анткени жободо андай талап, шарт жок. Эгер Кыргызстандын аймагында 60 күндөн ашык жүрүүнү каалаган чет өлкөлүк болсо, алар визага документтерди электрондук анкета аркылуу берсе болот.

- Визага анкетаны электрондук жол менен толтуруу керек деп жатасыздар, бирок айыл жергесинде ошол талап кыйынчылык жаратып жатыптыр. Анкетаны эмне себептен электрондук жол менен толтуруу зарыл?

- Анкетаны кол менен да толтурса болот. Дүйнө өзү азыр санариптештирүүгө өтүп жаткан маалда адамдардын убаракерчилигин азайтуу максатында деп анкетаны электрондук жол менен толтуруу эрежеси киргизилип жаткан. Мисалы, үйдөн отуруп алып эле компьютерден анкетаны толтуруп койсо болот. Элчиликке барып, кезекке туруп, убактысын коротпосун деп санариптештирүүгө өткөнбүз.

- Ал деле туура, бирок, айталы, Баткенде, Араван, Кара-Суунун бир айылындагы үйүндө компьютери жок адам кантет?

- Эгерде адам документтерин электрондук портал аркылуу тапшыра албаса, интернети, компьютери жок болсо, анда Ош жана Жалал-Абад шаарларында Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү иштеп жатат, ошол жактарга баягы мурдагыдай эле кагаз жүзүндө өз документтерин тапшырса болот. Мындан тышкары Ташкент шаарында да элчилигибиз иштеп жатат, документтерди кагаз түрүндө ал жакка да мурдагыдай тартипте тапшыра алышат.

- Адам виза алуу маалында акчасын Visa карта менен төлөшү керек экен. Бизге кайрылгандар айылда жашагандардын көбүндө ал система жок экенин айтышууда. Терминал менен же башка азыр эл көп колдонуп жаткан электрондук жол менен накталай эмес төлөөнү киргизсе болбойбу?

- Бул туура суроо. Жобо ишке жаңыдан киргизилди, анын оң-терс жактары анализденип жатат. Элдин суроо-талабынан улам жобого өзгөртүүлөр киргизилип, жакшыртылат деп ишенем. Сиз айтып жаткандай, терминал аркылуу, электрондук капчыктар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Ооба, жаңы жобо боюнча карта аркылуу төлөсө болот, бирок, андай шарт жок болсо, мурдагыдай эле банкка барып визанын акчасын нак төлөөгө мүмкүнчүлүк бар.

- Маегиңизге ыракмат.

Кубат Оторбаев, "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн