Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Чыңгыз Дөөнүн" өлүмүнө 5 адам шектелүүдө

29.08.2022 16:08
677
"Чыңгыз Дөөнүн" өлүмүнө  5 адам шектелүүдө

 "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө.


Бишкек шаардык сотунан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 27-августта Свердлов райондук сотунда отурум өтүп, уюшкан кылмыштуу топтун лидерин өлтүрүүгө шектелген беш адамга карата баш коргоо чарасы тандалды. Соттун чечимине ылайык, шектүүлөр тергөө изоляторуна камакка алынды.


Эскерте кетсек, 30-июлда "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болгон.


Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн.


Эске сала кетсек, Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалган. Андан кийин ал 7-сентябрга чейин СИЗОго камалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн