Криминалдык чөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов абактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты 24.kg маалымат агенттиги Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматына таянып билдирди.
«Ал жазасын өтөп бүткөндөн кийин бошотулган. Жазанын бир бөлүгү кыскартылды, анткени тергөө абагында кармоо мөөнөтү бир күнү эки күн деп эсептелет», - деп билдирген ЖАМК кызматы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн