Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.970

"Эркештам" өткөрүү пунктунан бир күндө 700 жүк ташуучу унаа өтүүдө

03.04.2023 09:26
411
"Эркештам" өткөрүү пунктунан бир күндө 700 жүк ташуучу унаа өтүүдө

КЭРдин Шиньцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева Кыргызстан менен Кытайдын Шиньцзян автономиялуу районунун ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен КЭРдин бажы чек арасы арклуу жүктөрдү ташуу боюнча келип чыккан маселелерди чечүү максатында «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү пунктуна жана «Кашгар» комплекстүү Бонд зонасына барды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, «Эркештам» көзөмөл өткөрүү пунктуна баруунун жүрүшүндө Кытай тарап көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, жүк ташуучу унаалардын өтүү механизмин көрсөттү, ошондой эле «Эркештам» өткөрүү пунктунун жанындагы индустриалдык парк жөнүндө маалымат берилди. Элчи Мусаева Кыргызстан менен Кытайдын Мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк агымын көбөйтүү, ошондой эле жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуу боюнча зарыл шарттарды түзүү зарылдыгына басым жасады.


Кытай тараптын маалыматы боюнча, учурда «Эркештам» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу күнүнө 700гө жакын автотранспорт каражаты өтөт.


«Кашгар» комплекстүү зонасына баруунун жүрүшүндө кытай тарап бир терезенин бажы системасы, өндүрүштүк кубаттуулуктар, кампа жайлары жана башкалар менен тааныштырды. Мусаева «Кашгар» комплекстүү Бонд зонасы менен «Нарын» ЭЭЗ, ошондой эле Ош облусундагы соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

Маалымат үчүн: Зонанын аянты 3,56 чарчы километрди түзөт, ал «Кашгар» эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн