Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Эй дебечи". Депутат Акыл Кемелов окуя тууралуу үн катты

18.06.2021 10:35
3849
"Эй дебечи". Депутат Акыл Кемелов окуя тууралуу үн катты

Саламатсыздарбы, урматтуу калайык калк, урматтуу достор!


Кече күнү Мурашев Нурбек Мурпазылжанович экообузд6ун пикир келишпестигибиз интернет айдыңында кызуу талкуу жаратты . Ооба, балким мен ал кишинин сөзүнө маани бербешим керек беле, же ал киши мага карата кайрылуусун башкача түрдө билдириш керек беле,кыскасы болоор иш болду. Учурдан пайдаланып табалап каралагандар болду, кейигендер болду, ынтымакка чакыргандар болду. Мен Мурашевди кечирдим, каралагандарды дагы кечирдим, баарын кечирдим. Баарыбыз пендебиз жаңылышыбыз мүмкүн. Мени дагы кечиргиле! 


Биз бир элбиз,  түндүк-түштүккө, мен тарап же ал тарап болуп бөлүнбөйлү.


  Эң негизгиси ал жыйында бензиндин кымбатташы, азык-түлүктүн кымбатташы, чек ара маселеси, сугат суунун тартыштыгы, дыйкандардын кредит алышып ала турчу түшүмүнүн түйшүгү жана башка элдин көйгөйү талкууланып, элдин түйшүгүн айтып, маселени чечүү тууралуу талкуу жүрүп жаткан эле. Чындыгында, акыбал оор, кымбатчылык болуп жатат, акча каражаттар жетишсиз, жумушсуздук күчөп, ковид оорусу катуу жүрүп жаткан учурда элдин мүдөөсүн айтайын деген эле жакшы ой бар эле. Менин максатым Кудай ыраазычылыгы үчүн, элдин үнүн тийиштүү министрлерге жеткирип ак пейил менен элге кызмат кылуу.

Чындыгында, бир эл болгондон кийин ушундай оор учурда бири-бирибизге жардам берип , ынтымакта өмүр сүрүп, тегеректеги душмандарга колтук ачпасак туура болот эле. Учурдан пайдаланып элибизге токчулук, молчулук, тынчтык жана ынтымак тилеп келечекте күчтүү Кыргызстан түзгөнгө бирге аракет кылалы деп чакырып кетет элем.


Акыл Кемелов, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
мен
канча актанса да бул жооругу кочодо киши тоноп жургон адамдын эле элесин калтырды.балким андай эместир.бирок элестей тушту
Бердигул Темирбаев
Кечирим суроо дагы жигитчилик.Кээде муштум кесөө, үндү бийик көтөрүү дагы жигитчилик.Бардыгы чын эле элге арналган маселе үчүн болсо кечиримдүү.