Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 05:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Хонда Одиссей" уурдоого шектелип эки жаран кармалды

"Хонда Одиссей" уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Бишкектин криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдады делип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.


Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 29-январында О.Б. аттуу жаран «Достук» конушунан болжол менен түнкү саат 01:00-04:00 аралыгында «Хонда Одиссей» унаасын уурдап, изин жашырып кеткендерге карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, КР Жазык кодексинин 206-беренеси ("унаа каражатын уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жургүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБдин криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган К.И жана К.А. аттуу шектүүлөр кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кармалгандардын башка кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө аракеттери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн